Сарбаев Кадырбек Тельманович

1966-жылдын 9-декабрында Фрунзе шаарында туулган.

Ыраакы Чыгыш Мамлекеттик университетинин кытай таануу факультетин бүтүргөн.

1992-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде;

1993-1996-жылдары – Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинде үчүнчү катчы, экинчи катчы;

1996-1997-жылдары – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи катчысы;

1997-жылдын май айында КРнын Премьер-министринини Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары болуп дайындалган;

1997-1999 — жылдары – КРнын ТИМнин башкармалыгынын начальниги;

2000 — жылы Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинде Кеңешчи;

2001-2003 — жылдары — Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинде Кеңешчи;

2003 — жылы КРнын ТИМнин башкармалыгынын начальниги болуп дайындалган;

2004 — жылдын март айынан тартып 2005-жылдын сентябрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын атынан министрдин орун басары рангында ШКУнун Улуттук координатору;

2005 — жылдын апрель айынан тартып – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

2007 — жылдын 24-июлунан тартып — Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси;

2009 -жылдын 9-январынан баштап Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси
дипломатиялык рангына ээ.