Дүйнөлүк тилдер жана маданияттар борбору

Дүйнөлүк тилдер жана маданияттар борбору — Кыргыз Републикасынын калкынын кеңири топторуна билим берүү тармагынан кызмат көрсөтүүчү Дипломатиялык академиянын структуралык бөлүгү. Борбордун программасы чет тилдерди окутуунун салттан тышкаркы ыкмаларын колдонуп окутат. Дүйнөлүк тилдер жана маданияттар борборунда англис, немец, француз, испан, араб, кытай, япон, корей , хинди жана түрк тилдерин үйрөнүүгө болот.
Кеңири адистиктеги котормочуларды даярдоочу эки жылдык курс тармактык принцип боюнча окутулат. Курстун программасында төмөндөгүдөй тармактар боюнча даярдоо каралган:
— айыл чарба;
— казып алынуучу өндүрүш;
— иштетип чыгаруучу өндүрүш;
— транспорт;
— экономика, каржы жана банк системасы;
— энергетика;
— медицина жана психология
— аскердик иш;
— экология жана өзгөчө кырдаалдар;
— дипломатия жана эл аралык мамиле;
— укук;
— терорризмге каршы күрөш жана эл аралык коопсуздук.

Илимий-изилдөөчү ишмердүүлүк

Билим берүүчү процесс сыяктуу эле илимий-изилдөөчү иштер дагы Дипломатиялык академиянын негизги багыттарынан болуп саналат.
Илимий ишмердүүлүктүн негизги багыттары:
-монография, окуу китеп, окуу курал жана илимий-методикалык иштелмелерди басмага даярдоо;
-ТИМ жана башка мамлекеттик органдар үчүн жалпы материалдарды даярдоо;
-илимий форумдарды уюштуруу;
-дипломатия жана эл аралык мамиле тармагында теориялык жана прикладдык иштелмелерди даярдоо;
-Дипломатиялык күндөлүктү даярдоо.
КРнын Дипломатиялык Академиясында басылып чыгарылган адабияттар:
— Лекциялардын кыскача курсу жана методикалык курал. Ж.С.Варапаева, Н.К.Кемелбаев;
— «Протокол жана эл аралык этикет» окуу курал, Н.К.Кемелбаев
-«Өткөөл мезгилдердеги кыргыздардын менталитети» монография, проф.А.Айтбаев.

Профессордук-окутуучулук курам

Мамлекеттик Аттестациялык комиссия

Лекцияларды окууга КРнын Атайын жана Ыйгарымдуу Элчилери, чет мамлекеттердин дипломатиялык кызматкерлери, КРнын Президентинин Администрациясынын, Премьер-министрдин Аппаратынын, КРнын Коопсуздук Кеңешинин өкүлдөрү, Кыргызстандын саясий жана илимий ишмерлери чакырылат.

Саралинов Марат Уразалинович

КРнын Атайын жана Ыйгарымдуу Элчиси, КРнын ТИМдин Дипакадемиясынын аспирантура Башчысы.
Сабактары – КРнын Тышкы саясаты, Дипломатиялык кызмат;

Иманалиев Муратбек Сансызбаевич

КРнын Атайын жана Ыйгарымдуу Элчиси, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Дипакадемиясынын профессору, т.и.к.
Сабагы — Дипломатиянын тарыхы;

Исаков Раат Исакович

КРнын Атайын жана Ыйгарымдуу Өкүлү, Дипломатиялык жана консулдук кызмат кафедрасынын башчысы,
Сабактары — Консулдук кызмат, Дипломатиялык жана консулдук укук, дипломатиялык протокол жана этикет;

Аламанов Саламат Кулембекович

КРнын Атайын жана Ыйгарымдуу Элчиси, г.и.к., Дипакадемиянын профессорунун милдетин аткаруучу,
Сабагы — Чекара маселелери жана аларды жөнгө салуу;

Молдалиев Орозбек Абдысаламович

Дипломатиялык Академиянын дүйнөлүк саясат жана эл аралык мамиле кафедрасынын башчысы, п.и.к., профессордун милдетин аткаруучу,
Сабагы — Эл аралык мамилелердин аймактык аспектилери;

Айтбаев Абдимталип

Ф.и.к., КРнын Дипломатиялык Академиясынын профессорунун милдетин аткаруучу,
Сабагы — Эл аралык мамилелердин теориясы;

Ногойбаева Элида Каныбековна

КРнын ТИМнин Дипломатиялык Академиясынын доцентинин милдетин аткаруучу,
Сабагы — Эл аралык укук;

Биримкулов Жапар Куручбекович

КРнын Дипломатиялык Академиясынын профессорунун милдетин аткаруучу, I класстагы кеңешчи,
Сабагы — Азыркы чыр-чатактар жана аларды жөнгө салуунун жолдору;

Бозов Кадырбек Дуйшеналиевич

Т.и.к., доцент
Сабагы — Борбордук Азиядагы экологиялык маселелер;

Токтоналиева Клара Карпековна

П.и.к., КРнын Дипломатиялык Академиясынын профессорунун милдетин аткаруучу,
Сабагы — Чечендик өнөр;

Турсалиева Назгуль Кемелбековна

КРнын ТИМнин Дипломатиялык Академиясынын доцентинин милдетин аткаруучу,
Сабагы — Валютаны жөнгө салуу жана валюталык процесс;

Подкуйко Юрий Владимирович

Т.и.к., доцент,
Сабагы — Кыргызстандын тарыхы;

Джусаев Кубан Джолдошевич

КРнын ТИМнин Дипломатиялык Академиясынын доцентинин милдетин аткаруучу,
Сабагы — Чыгыштаануунун негизги багыттары;

Эсеналиев Таалай Дуйшенович

Ф.и.к., КРнын Дипломатиялык Академиясынын профессорунун милдетин аткаруучу, каратэ боюнча дүйнөнүн чемпиону,
Сабагы — Теология